Таласта тургун XIV-XVI кылымга таандык кумура таап алган

Таласта тургун XIV-XVI кылымга таандык кумура таап алган

Таласта Киров суу сактагычынан чоподон жасалган эски кумура табылды. Бул тууралуу «Манас Ордо» Кыргыз улуттук комплексинен билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл август айында Бейшеке айылынын тургуну Алым Токтогулов уулу Идирис Токтогулов менен Киров суу сактагычына жакын Кызыл-Мойнок деген жерге балык уулоого барышкан. Ал учурда Киров суу сактагычындагы суу азайып, тартылып калган кези болгон. Алым Токтогулов балык уулаган башка адамдардын жанында турганда, уулу көлмөнү жээктеп басып жүргөн. Бир маалда эле отура калып, жерди чукуй баштаган.

«Мен бир нерсе таап алды окшойт деп ойлодум. Анан эле ичи кумга толгон бүтүн чопо кумура жана карапа идиштеринин сыныктарын көтөрүп келди. Балам мага «кумуранын бир чекеси жерден чыгып калган экен, акырын сындырбай чыгарып алдым» деди. Топурак кумун тазалап ичин карасак башка эч нерсе чыккан жок. Жанынан дагы бети көк түс менен боёлгон карапа идиштеринин сыныктарын таап алыптыр. Ошентип балам экөөбүз кумураны үйгө алып келип койдук. Башында сатып жиберсемби деп ойлоп, бирок кайра үй-бүлөбүз менен музейге өткөзүп берели деген тыянакка келдик. Себеби мындай тарыхый табылга болгон, сейрек учуроочу буюмду бардык адамдар көрүшү үчүн музейде гана сакталышы керек», — деди Токтогулов.

«Манас» эпос музейинин кызматкери Сиятбек Ибралиевдин болжолу боюнча, табылган кумура XIV-XVI кылымдарга таандык болушу мүмкүн.

Киров суу сактагычы 1965-жылы курула баштап, 1975-жылы ишке берилген. Узундугу 14 чакырым, сыйымдуулугу 550 млн м3, аянты 28,6 чарчы чакырымды түзөт. Суу алдында орто кылымдарга таандык Шельджи (Садыр-Коргон) шаар чалдыбары калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>