«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиПрезиденттик администрация “Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт” акциясына катыштыКФБ жана Стамбул биржасы алтын соодасын өнүктүрүү боюнча кызматташатТИМ башчысы менен АКШнын элчиси кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулаштыБШКнын төрагасынын орун басары алмашты
Балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи
28.12.2023 | 19:31
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев UWW уюму 2023-жылдын дүйнөлүк рейтингинде 2-орунду ээледи.
Эркин күрөш боюнча 70 килограммга чейинки категориядагы рейтингде кыргызстандык балбан 51 миң 200 упай топтогон.
Акыркы рейтинг Дүйнөлүк чемпионаттардагы, Континенталдык чемпионаттардагы, Азия жана Панамерикалык оюндардагы, ошондой эле төрт UWW рейтингдик турнириндеги көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлдү.
2023-жылы Акматалиев Египетте өткөн рейтингдик турнирде жеңишке жетип, Бишкектеги рейтингдик турнирде да коло байгеге ээ болгон. Сербияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 5-орунду алган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт