Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Бишкекте бир суткада 50 айдоочу айдоочулук күбөлүксүз унаа башкарганы үчүн кармалды
22.10.2025 | 11:40

Борбор калаада 21-октябрдан тарта башталган ири рейддин алкагында бир эле сутка ичинде 50 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейд жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана эрежелерди бузуу учурларын алдын алуу максатында өткөрүлүүдө. Кызматкерлер жолдорду убактылуу тарытуу ыкмасын колдонуу менен транспорт агымын көзөмөлдөөнү күчөткөн.
Бир сутка ичинде төмөнкү мыйзам бузуу учурлары катталган:
- 12 айдоочу — мас абалында унаа башкарган;
- 18 айдоочу — уруксатсыз терезе тон кылган;
- 8 айдоочу — автоээнбаштык аракеттер менен жол эрежесин атайылап бузган;
- 50 айдоочу — айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган;
- 51 жөө жүргүнчү — жолдон уруксатсыз өткөн.
Мындан тышкары, ар кандай мыйзам бузуу себептери менен 324 унаа айып токтотуучу жайга коюлган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом