Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Кыргызстанда бир жылда маяна 9,6 пайызга өстү
05.01.2024 | 17:44
2023-жылы Кыргызстанда орточо айлык 32 миң 174 сомду түзүп, 22,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өлкөдөгү баалардын өсүүсү менен салыштырганда маянанын реалдуу өлчөмү 9,6 пайызга көбөйдү.
Валюталардын расмий наркы менен эсептегенде орточо айлык 367,3 долларды түздү.
Эң жогорку орточо маяна Ысык-Көл облусунда (39 миң 110 сом) Бишкекке салыштырмалуу миң сомго көп. Баткен облусунун тургундары эң төмөн айлык акы алышат (26 миң 100 сом).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз