Улуттук филармониянын январь айындагы иш-чаралары

07.01.2024 | 11:28

Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда январь айында бир катар концерттер өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

12-январь күнү белгилүү композитор Рыспай Абдыкадыровдун элесине арналган “Аккордеон жаңырат” кечеси болот.

13-январь күнү инструменталдык музыканын концерти өтөт.

17-январь күнү Эл артистти Элмирбек Иманалиевдин элесине арналган иш чара өткөрүлөт.

23-январь күнү филармония француз жана немец музыкасынын сүйүүчүлөрүн күтөт.

26-январь күнү акын Акбар Кубанычбековдун поэзия кечеси уюштурулат.

27-январь күнү Анна Егоняндын кечеси болот.

28-январь күнү Казакстандын «МузАрт» тобу концерт берет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top