2024-жыл. Алдыда кандай өзгөрүүлөр күтөт

2024-жыл. Алдыда кандай өзгөрүүлөр күтөт

Жыл башынан өлкөдө бир катар өзгөрүүлөр күчүнө кирет. Анын катарында Бишкектеги жол киренин кымбатташы дагы бар. Аны менен бирге кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү 100%га жогорулады.

Желим баштыктарга тыюу салынды

1-январдан тарта биосфералык жана өзгөчө корголгон аймакта желим баштыктарды өндүрүүгө, колдонууга тыюу салынды.

Ага ылайык бир жолу колдонуучу идиш-аякты, баштык, азык-түлүк сала турган желим идиштерди чыгарууга болбойт.

Айтмакчы «Сулайман -Тоо» музейинин аймагына дагы желим баштык, бөтөлкө менен чыгууга тыюу салынат.

Патенттердин түрү кыскарат

2024-жылдын июль айынан тарта салыктык өзгөрүүлөр ишке кирет. Ал боюнча ишкерликтин 12 түрүнө патент жоюлат. Соодагерлер бирдиктүү салык режимин тандап, кассалык аппараттарды орнотушу зарыл.

Бирдиктүү салык тартибине ылайык жылдык киреше 8 миллион сомго жетпесе, салыктан бошотулат. 30 миллион сомго чейин жүгүртсө 0,5% менен салык төлөшөт. 30 миллион сомдон 50 миллион сомго чейинки каражатты айлантса 1% менен төлөйт.

«Дордой» жана «Кара Суу» базарлары өзгөчө тартипте иш алып барышат.

Жылуулукка баа кымбаттайт

Бишкек электр жылуулук борбору жана «Бишкек жылуулук борбору» тарабынан иштелип чыккан жылуулукка төлөм акы 41 пайызга кымбаттайт. Бирок бюджеттик уюмдар үчүн гана.

Мектептердеги камкордук кеңештер жоюлат

Мектептердеги камкордук кеңештер жоюлат.

Мамлекеттик жана шаардык бюджеттен окуу жайлардын жууп-тазалоочу каражаттарына акча бөлүнөт.

Бишкекте жол кире кымбаттайт

Бишкекте 15-январдан тарта жол кире кымбаттайт.

Шаарда жол кире төмөнкүдөй болот:

— Автобус жана троллейбуста карта менен төлөө – 17 сом;

— Нак төлөө – 20 сом;

— Атайын тиркеме аркылуу төлөө -11 сом.

Маршруткаларга жол кирени 20 сомго чейин көтөрүү пландалууда.

Шаардын көчөлөрү бир тараптуу болот

Бишкектин Үмөталиев жана Турусбеков көчөлөрү 6-январдан тарта автокаттам үчүн бир тараптуу болуп өзгөрөт.

Жаңы эреже менен төмөнкүдөй кыймыл киргизилет:

Турусбеков көчөсүндө Москва көчөсүнөн тарта Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүк тарапты көздөй жүрөт;

Үмөталиев көчөсүндө Жибек Жолу проспектинен тарта Москва көчөсүнө чейин түндүктөн түштүккө карай жүрөт.

Буга чейин борбор калаанын Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү автокаттам үчүн бир тараптуу болгон. Жалпысынан сегиз көчөдө жүрүү кыймылын өзгөртүү пландалган. Бул автоунаа тыгындарынан арылтуу жана каттамдарды жакшыртуу максатында жасалууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>