Жакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырды
“Эл нааразы болгондор бар”. Өкмөттүн курамын бекитүүдө ар бир талапкерге өзүнчө добуш берилет
10.01.2024 | 11:00
Жогорку Кеңеш эми Министрлер кабинетинин курамын бекитүүдө ар бир талапкерге өзүнчө добуш берет. Парламент “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүнү биринчи окууда колдоду.
Анын демилгечиси депутат Дастан Жумабековдун айтымында, талапкерлердин арасында коомдо терс пикир айтылгандар болушу ыктымал.
“Биз жалпы курамга бир добуш берип жатабыз. Арасында кызматка татыксыздар өтүп кетиши мүмкүн. Эл арасында нааразычылык туудургандар, терс ой-пикир жараткандар дагы болот. Ошондуктан ар бир талапкерге өзүнчө добуш бериш керек”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом