Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Бишкекте тургунду тоноп, iPhone’ун тартып алган шектүү кармалды
12.01.2024 | 15:06
Бишкекте тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, былтыр 10-сентябрда Бишкектин Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз жаран шаар тургунуна күч колдонуп, 40 миң сомдук iPhone 11 телефонун тартып алган.
Аталган фактыша байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 32 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.