Бишкекте №40, №44 жана №227 автобустардын каттамдары өзгөрдүАнонимдүү даттануулар жана беш күндүк текшерүү: КРда буллингге каршы күрөштү күчөтүү сунушталууда8-октябрь: Ошто жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйтКурулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөт
Сулайман-Тоого желим баштык, идиштерди алып чыгууга тыюу салынды
12.01.2024 | 15:45
“Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагына желим баштык, идиштерди алып чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, чечимге ылайык комплекстин аймагына желим идиштерге салынган тамак-аш, суусундуктарды алып кирүүгө болбойт. Ошондой эле аталган аймактагы желим идиште сатылган азыктарды, суусундуктарды саткан түйүндөр жабылган.
Аталган чечим былтыр 2023-жылдын 10-августунда президент тарабынан кол коюлган Кыргызстанда желим идиштерди чыгарууга, сатууга тыюу салган мыйзамга ылайык кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом