Бишкектеги «Манас» кинотеатрынын маңдайына жер астындагы өтмөк курулатЕӨБ Кыргызстанга электр түзүмүн өнүктүрүү үчүн 61 миллион евродон ашык каражат бөлөтМурдагы депутат Шайлообек Атазов абактан чыктыӨкмөт жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпи реалдуу суроо-талаптан артта калып жатканын моюнга алдыИндияда айыкпас вирустун чыгышынан улам жүздөгөн адамдар карантинге алындыТаласта медициналык жана коргонуу муктаждыктары үчүн төө буурчактан протеин өндүрүү технологиясы иштелип чыкты
Сүйүнчү! Тыныбекова Хорватиядагы мелдештин алтын байгесин утту (видео)
13.01.2024 | 00:20
Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Хорватияда өтүп жаткан эл аралык Zagreb Open рейтингдик мелдешинде алтын байге тагынды.
Тыныбекова алкачкы эки беттешинде америкалык жана кытайлык балбан кыздарды жеңип, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда бейтарап туунун алдында чыккан Алина Касабиеваны утту.
Ал эми жарым финалда Тыныбекова бул мелдештеги башкы атаандашы япониялык Сакура Мотокиден күчтүү чыкты.
Алтын үчүн беттеште Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен күрөшүп, ага бир да упай бербестен 7:0 эсебинде жеңишке жетти.
Рейтингдик мелдеш: Тыныбекова биринчи атаандашын жеңди (видео)