«Тоолор өз убагында артка чегинүүнү үйрөтөт»: альпинист Дмитрий Греков чокуларды багынтуу тууралууБорбор Азия өлкөлөрү жарандардын дарыланууга кеткен чыгымдарын кантип азайтууну талкуулашуудаБишкекте №40, №44 жана №227 автобустардын каттамдары өзгөрдүАнонимдүү даттануулар жана беш күндүк текшерүү: КРда буллингге каршы күрөштү күчөтүү сунушталууда8-октябрь: Ошто жамгыр жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйтКурулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулат
Zagreb Open мелдеши: Бүгүн Айпери Медет кызы күрөшөт
13.01.2024 | 10:40
Бүгүн, 13-январда кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Zagreb Open рейтингдик мелдешинде беттешке чыгат.
Ал таймашты квалификациялык баскычтан баштап, биринчи беттешинде бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Рита Талисманова менен беттешет.
Эскерте кетсек, Хорватияда өтүп жаткан бул мелдешке Кыргызстандын атынан дагы эки балбан кыз – Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Нурзат Нуртаева (68 кг) катышты. Ал экөө тең 12-январда күрөшүп, Тыныбекова алтын байге утту. Ал эми Нуртаева, тилекке каршы, байгесиз калды.
Рейтингдик мелдеш: Тыныбекова биринчи атаандашын жеңди (видео)