2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнМСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керекКыргызстандык салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды тактоого чакырылдыСадыр Жапаров Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдойтКонституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылды
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун акыркы IV туру башталды
22.01.2024 | 20:16
2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 22-январда башталып, 24-январь күнү саат 14:00до аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.
Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 27-январь саат 16:00го чейин тастыктоосу керек.
Эскерте кетсек, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун I туру 2023-жылдын 25-декабрында башталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар