Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйт
“Эл паника болбосун дедик”. ӨКМ эмнеге зилзалада сирене иштебегенин айтты
24.01.2024 | 11:55
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды коомдо ашыкча дүрбөлөң жаратпоо үчүн кечээ күнү жер титирөө учурунда Бишкекте сирена иштеткен эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 274 айгай тутуму бар. Алардын жарымы советтик мезгилден калган, 100го жакыны жаңы типтеги жабдуулар.
“Кыргызстанда калкка маалымат берүү тутуму бар. Бирок биз кечээ жер титирөөдө аны иштеткен жокпуз. Анткени, ал көбүнчө абадан коргоонууга багытталып калган. Элди ашынча дүрбөлөңгө салбайык деп, сиренаны иштеткен жокпуз”, – дейт Азамат Мамбетов.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом