3-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, айрым аймактарда жаан жаайтЫсык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттүШвециялык Йонас Андерссон Ысык-Көлдө өткөн суудагы «Формула-1» жарышынын квалификациясында жеңишке жетти«Аэро Номад» 3-августтан тарта Бишкек–Үрүмчү багыты боюнча түз аба каттамдарын ачат2-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, жаан-чачын күтүлбөйтСаламаттык сактоо министрлиги санариптик сервистерди өнүктүрүүнү тапшырды
“Эл паника болбосун дедик”. ӨКМ эмнеге зилзалада сирене иштебегенин айтты
24.01.2024 | 11:55
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды коомдо ашыкча дүрбөлөң жаратпоо үчүн кечээ күнү жер титирөө учурунда Бишкекте сирена иштеткен эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 274 айгай тутуму бар. Алардын жарымы советтик мезгилден калган, 100го жакыны жаңы типтеги жабдуулар.
“Кыргызстанда калкка маалымат берүү тутуму бар. Бирок биз кечээ жер титирөөдө аны иштеткен жокпуз. Анткени, ал көбүнчө абадан коргоонууга багытталып калган. Элди ашынча дүрбөлөңгө салбайык деп, сиренаны иштеткен жокпуз”, – дейт Азамат Мамбетов.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом