Видео: Өлкөдөгү көп кабаттуу үйлөр канча баллдык жер титирөөгө чыдайт? Жооп

Видео: Өлкөдөгү көп кабаттуу үйлөр канча баллдык жер титирөөгө чыдайт? Жооп

Кыргызстандагы курулуш агенттигинин сертификациясынан өткөн көп кабаттуу үйлөрдүн бардыгы 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат. Бул тууралуу журналисттерге Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөрдүн көбү Курулуш агенттигинин сертификациясынан, экспертизасынан өтүп, реестрга кирген.

«Көбүнчөсү өткөн. Биз буга чейин мыйзамсыз курулган объекттер бар экенин айтканбыз. Аларга жооп бере албайбыз. Алардын тиешелүү документтери, иш кагаздары жок, эч кандай сыноолордон өткөрүлгөн эмес. Сыноодон өткөрмөйүнчө, аларга жооп бере албайбыз. Бирок бизден өтүп, реестрда турган объекттер 8-9 баллга чейин туруштук бере алат», — деди Орунтаев.

Орунтаевдин айтымында, мыйзамсыз курулган объекттердин тизмеси Курулуш агенттигинин сайтында жарыяланган.

«Алар биздин сайтта ачык жарыяланган. Бишкекте 40ка жакын, Ош шаарында 30 жакын объект бар», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>