ӨКМ жер титирөө боюнча алдын ала билдире албайт. Анын себеби айтылды

ӨКМ жер титирөө боюнча алдын ала билдире албайт. Анын себеби айтылды

Жер титирөө боюнча алдын ала маалымат берүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.

«Жер титирөөнү алдын алуу мүмкүн эмес. Болгону бир 8-9 баллдык силкинүү коркунучу бар аймактар жашарыбызды айта алабыз. Зилзаланы алдын ала айта турган система дүйнө жүзүндө жок», — дейт Азамат Мамбетов.

Ал Сейсмология институту Улуттук илимдер академиясына карай турганын белгилеп, ӨКМ алардын маалыматына таянып иш алып барарын айтты.

«Биз Германиянын Потсдам институту жана Сейсмология институтуна кошо Бишкектин жана Оштун айланасына датчиктерди орноттук. Мисалы Кемин районунда жер силкенсе 1-2 секунд ичинде датчиктер электр чубалгыары аркылуу маалымат, ал эми толкун 35 секундда жетет. 30 секунд лифт, газ, светти өчүрүүгө кетет», — дейт Азамат Мамбетов.

Министрдин орун басарынын пикиринде, Кыргызстандын жарандары коопсуздук чараларын билишет.

«Акыркы жер титирөөдө биздин элде коопсуздук маданияты бар экенин байкадык. Жарандар көчөгө чыгып, автошоктордон сактануу аракетин көрдү», — дейт ал.

Аткаминердин айтымында, өлкөдө жыл сайын 600дөй машыгуу өтүп, 50 миңдей жаран ага катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>