Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Бишкекте 11-класстын окуучусу жаш баланы көтөрүп чаап, бармагын сындырды
31.01.2024 | 13:32
Бишкектеги №24 мектептин 11-классынын окуучусу 3-класстагы баланы көтөрүп чаап, бармагын сындырды. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагында Бермет Турсунакун билдирди.
Анын айтымында, окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Жогорку класстын окуучулары буга чейин дагы жаш балдарды ушундай жол менен шылдыңдап келишкен.
“Бала мындан оор жаракат алып калышы мүмкүн эле. Азыр 11-класстын ата-энелери ишти жаап жашыруу аракетин көрүүдө. Билим берүү министри менен башкы прокурорду ишти көзөмөлгө алууну суранабыз. Жеткинчектерди маскаралап, зомбулук көрсөткөндөр жооп берсин”, – дейт Бермет Турсунакун.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Биринчи май райондук милициясы маалымат текшерилип жатканын айтышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом