Көлбаевдын өлүмү боюнча ишти Башкы прокуратура УКМКга кайтарды

Көлбаевдын өлүмү боюнча ишти Башкы прокуратура УКМКга кайтарды

Башкы прокуратура кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдын өлүмү боюнча ишти кайра УКМКга өткөрдү. Бул тууралуу көзөмөл органдын жетекчиси Курманкул Зулушев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Ал Садыр Жапаровдун буйругу менен 2023-жылдын 4-октябрында «Блондер Паб» кафесинде болуп жаткан кармоо операциясына барып көз салган.

«Мен ал жакка аскер прокурору менен бирге бардык. Тийиштүу кызматтар ишин жүргүзүп жаткан экен. Мен президентке маалымат берип, ишти көзөмөлгө алдык. Садыр Жапаров кармоонун мыйзамдуулугун текшерип чыгууну тапшырды. Каршылык көрсөтүлгөндүгүнөн жок кылынганы аныкталды. Андыктан биз ишти кайра УКМК кайтардык», — деди Курманкул Зулушев.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынган.

Садыр Жапаров: Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча тергөө жүрүүдө

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>