Алмазбек Примов Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
«Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Примов Алмазбек Абдыакимович Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган агенттикти Канатбек Тургунбеков жетектеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз