Марлен Маматалиев Казакстандын Мажилисинин төрагасы менен жолугушууда Астанадагы көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын берүүнү сунуштадыКыргызстан менен Россия трансплантология жаатындагы кызматташтыкты күчөтөтАдылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту – эмне жөнүндө сүйлөштү16-апрель: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууланды
ЖЭБтеги кырсыкка бирөөлөрдү айыптоо али эрте экендиги айтылды
18.02.2024 | 10:00
Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкка кимдер күнөөлүү экени мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгынан кийин гана белгилүү болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматтарын таркаткан “Медиа штаб” билдирди.
Ал комиссия болгон кырдаал боюнча керектүү материалдарды жана маалыматтарды топтоонун үстүндө иштеп жатканын белгилейт.
Минкаб текшерүүнүн корутундусу чыкканча бирөөлөрдү күнөөлө эрте экенин айтат.
“Мекемелер аралык комиссиясынын иши өлкөнүн жетекчилигинин контролунда турат, жыйынтыгы сөзсүз жарыяланат”, – дейт “Медиа штаб”.
Белгилей кетсек, ЖЭБдин ички комиссиясынын өкүлү Таалайбек Алыкулов 3-февралдагы аварияга жоопту техникалык кызматкерлерге төңкөрүү аракети көрүлүп жатканын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом