ӨКМ Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин айтты

ӨКМ Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин айтты

Жылуулук электр борборундагы отказанда жарылуу болгон эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажибеков билдирди.

Анын айтымында, газ же көмүрдүн чаңы топтолуп, отказандын астындагы шахтада жарылуу болгон.

«Алдын ала текшерүү боюнча коргогучтар иштеп, отказандарды сактаган. Алар бүтүн, жарака, тешик табылган жок», — дейт министр.

Белгилей кетсек, энергетика министри Таалайбек Ибраев саат 22.00-23.00гө карата ЖЭБ штаттык режимде иштөөгө өтүп, шаарга жылуулукту берелерин айтты.

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда кырсык түнкү саат 03:00 чамасында  болду.

Энергетика министрлиги атайын штаб түзүлгөнүн кабарлады. Бишкекти электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн өлкөдөгү ГЭСтерге кубаттуулукту күчөтүү тапшырмасы берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жылуулук электр борборунданы кырсыктан чычкан өрттү өчүрүүгө шаардын баардык райондорундагы өрт өчүрүүчүлөрдү тартты. Тилсиз жоо эки сааттан кийин, таңкы саат 05:05те толук өчүрүлгөн.

ЖЭБтин беш кызматкери жабыркап, анын экөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.

23 жаштагы ЖЭБтин кызматкеринин бети, мойну жана буттары болуп, денесинин 90 пайызы күйгөн. 34 жаштагы жаран 80 пайыз күйүк алды. Экөөнүн тең абалы оор.

Дагы бирөөнүн денесинин 10 пайызы күйүп, анын абалы туруктуу.

Бишкек мэриясы муниципалдык мектептердин баары онлайн окууга өткөнүн кабарлады. 103 мектеп онлайн окуп, 94 бала бакча бүгүн иштеген жок.

Бишкекте 3,5,6, 7, 11, 12 жана 8-кичи райондун бир бөлүгүндө, 60 миң батирде жылуулук жок. “Бишкек жылуулук борбору” ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеевдин билдирүүсүндө, жылуулук жок болгону менен түтүктөрдө суу айланып турат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ЖЭБке диверсия жасалгандыгы боюнча божомолу бар. Ал эми президенттин айтымында, кызматкерлер ката кетирип, көмүрдү көп жагып ийиши мүмкүн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>