«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Кыргызстандык мушкерлер Россиядагы мелдеште 3 медаль утту
25.02.2024 | 11:29
Россияда бокс боюнча жаш уландар арасында өткөн эл аралык мелдеште кыргызстандык мушкерлер 3 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Медалдардын экөө алтын, бирөө коло. Мушкерлер Зафарбек Камилов (51 кг) жана Мырзакир Кошалиев (+92 кг) алтын байге утту. Ошондой эле Амантур Жумаев коло медаль тагынды.
2006-2007-жылы төрөлгөн спортчулар арасындагы бокс боюнча эл аралык мелдеш 20-24-февраль күндөрү Россияда болуп өттү.
Кыргызстандык мушкерлер мелдешке башкы машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу жана машыктыруучу Азиз Абаскановдун жетекчилиги алдында катышты.
