Ошто милиция 20 чакырымдык аскердик жөө жүрүш жасады

Ошто милиция 20 чакырымдык аскердик жөө жүрүш жасады

Ош облустук милициянын өздүк курамы жана ардагерлери 23-февраль — Мекенди коргоо күнүнө карата аскердик жөө жүрүш жасашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жөө жүрүштө кызматкерлер тоолуу аймактарда 20 чакырымдан ашык аралыкты басып өтүшкөн.

“Жөө жүрүштүн максаты өздүк курамдын ынтымагын бекемдөө,  аба-ырайынын ар кандай шартында күжүрмөн даярдыкты жогорулатуу жана мекенчил сезимди күчөтүү болуп эсептелет.

Ал спорттук оюндар жана маданий көрүнүштөр менен коштолду. Спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө башкармалыктын Ардак грамоталары тапшырылды”, — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>