Депутат шылуундар жасалма интеллектти колдонорун эскертти

Депутат шылуундар жасалма интеллектти колдонорун эскертти

Кыргызстанда телефон аркылуу алдамчылык кылган шылуундар жасалма интеллектти колдонууга өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, жарандарга чалып, тууганы же жакын адамы жол кырсыгына кабылды деп акча өөнөгөн кишилер жаңы ыкмаларга өтүп, жасалма интеллектти да колдонот.

“Алардын ыкмасы мындай иштейт: “Кыргызтелеком” же уюлдук телефон аркылуу сизге чалып, үнүңүздү жаздырып алышат. Аны жасалма интеллекттин жардамы менен иштеп чыгып, сиздин үн менен туугандарыңызга же жакындарыңызга чалышат. Сиздин тууганыңыз менен жакындарыңыздын номери тууралуу маалыматты кайдан алышат деген суроо гана туулат”, — дейт ал.

Депутаттын айтымында, ИИМ аталган шылуундар менен күрөшө баштаганы менен алардын саны көп болгондуктан аягы тыйылбай эле.

Мындан улам ал байланыш оператолорун шылуундук телефон чалуулар боюнча арыз-даттанууларды кабыл алып, алардын негизинде алдамчылардын номерин аныктап, бөгөттөөнү милдеттендирген мыйзам долбоорун киргизүүнү сунуштады.

«Тууганың ооруканада, акча керек». Милиция шылуундардан сак болууга чакырат

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>