Бишкек абанын булганышы боюнча 23-орунда туратКыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирдиКазармандагы мектептерге террордук кол салуу болору тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. УКМК мектеп окуучусун кармадыЖогорку Кеңештин Төрагасы жана Жапониянын элчиси инфраструктуралык долбоорлорду кеңейтүү маселесин талкуулаштыКыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды
Жалал-Абадда жаназада мал сойгондор айыппул менен жазаланат
27.02.2024 | 10:42
Жалал-Абадда маркумду акыркы сапарга узатууда мал сойгондорго айыппул салынат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Муниципалитет ысырапкорчулукту токтотуу боюнча президенттин буйругун эске салып, мындан ары ашыкча чыгымга жол бергендерге 200 миң сом өлчөмүндө айып салынарын айтты.
Белгилей кетсек, Ноокат районунда ысырапкорчулукка каршы буйруктун алкагында аялдарга кафе-чайканага чогулууга жана үй-бүлөлүк мааракелерди коомдук тамактануучу жайларда өткөрүүдөн алыс болуу боюнча чакырыктар айтылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом