Кыргызстандык мигранттарды каздарча бастырган полиция жазасыз калды

Кыргызстандык мигранттарды каздарча бастырган полиция жазасыз калды

Россиянын Екатеринбург шаарында эмгек мигранттарын, анын ичинде кыргызстандык жарандарды каздай бастырган полиция кызматкерлерине эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул тууралуу Россиянын ТИМинин Екатеринбургдагы өкүлүнүн орун басары Александар Иванов билдиргенин россиялык басылмалар жазды.

Ивановдун айтымында, Свердлов облусунун прокуратурасы курулуш объектисиндеги рейд учурунда мигранттарды каздарча бастырган полиция кызматкерлеринин иш-аракетинде мыйзам бузуу тапкан эмес. Иванов буга чейин аталган окуя боюнча териштирүү жүргүзүүнү талап кылган Кыргызстандын ТИМи тарабынан кандайдыр бир арыз-доомат болгонун билбей турганын белгилеген.

Эскерте кетсек, быйыл 17-январда, Екатеринбургда, полиция 3 курулуш объектисинде 150дөй эмгек мигрантынын документтерин текшерген. Алардын ичинде Кыргызстандын 40 жараны болуп, алар тарабынан мыйзам бузуу аныкталган эмес.

Текшерүү учурунда полиция мигранттарды отургузуп каздарча бастырган. Алардын арасында 3 кыргызстандык жаран болгон.

Бул окуянын тасмасы соцтармактарга тарагандан кийин укук коргоочулардын сынына кабылып, алар полициянын жоругу адамдын ар-намысын басмырлай тургунын билдиришкен.

Ошондой эле Кыргызстан Екатеринбургдагы башкы консулу Россиянын ТИМинин Екатеринбургдагы өкүлүнүн орун басары Александар Иванов менен жолугуп, Россия тараптан полициянын иш-аракетинин мыйзамдуулугун текшерүүнү жана адам укугун бузгандарды жоопко тартууну өтүнгөн.

Каздарча бастырган. Башкы консул мигранттарды кодулагандарды жоопко тартууну өтүндү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>