MBANK’тын кызматкеримин деп жаранды 244 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды

MBANK’тын кызматкеримин деп жаранды 244 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкек шаарында телефон аркылуу алдамчылык жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматы боюнча, быйыл 11-январда шаар тургунуна WhatsApp аркылуу белгисиз адам телефон чалып, өзүн MBANK’тын кызматкери деп тааныштырган. Ал «коопсуздук маселесине көмөк көрсөтөм» деп алдамчылык жол менен жабырлануучунун эсебинен 1 миң 400 долларын чыгарып алып, андан тышкары тиркеме аркылуу анын атынан эки банктан 119 миң 600 сом насыя алган. Бул окуядан кийин алданып калган жаран милицияга арыз жазган. Жабырлануучуга жалпы 244 миң 643 сом зыян келтирилген.

25-февралда милиция бул ишке шектүү катары 2005-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранды кармады. Ал соттун чечими менен камакка алынды.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Тергөө иштери уланууда.

Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>