Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлдуТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалдыБүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталдыБишкектеги жаңы стадион “Азаттык Арена”, конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталды
Ноокат жана Өзгөндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча семинар өттү
28.02.2024 | 19:07
Ош облусунун Ноокат жана Өзгөн райондорунда 27-28-февралда укук бузуулардын алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Иш-чарага облустук милициянын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилиги жана райондук ички иштер бөлүмдөрдүн өздүк курамы катышты.
Семинардын негизги максаты укук бузуулардын алдын алуудагы жер-жерлердеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо жана аларды чечүү жолдорун аныктоо болуп саналат.
Эскерте кетсек, 28-февралда Бишкекте «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» аттуу форум уюштурулду. Аталган иш-чара март айынын башында Ош облусунда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом