Чүйдө жылына 80 миң унаа чыгара турган ишкананын курулушу башталды

Чүйдө жылына 80 миң унаа чыгара турган ишкананын курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-февралда, Чүй облусунун Сокулук районунда автоунаа чыгаруучу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананын курулушуна “мезгил кутусун” салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, коммерциялык, жеңил автоунааларды, атайын техниканы чогултууга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка алып чыгууга багытталган.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү Министрлер кабинети, жергиликтүү ишканалар тарабынан “China Hubei Zhuoyue Group” кытай компаниясы менен биргеликте ишке ашырылат. Биринчи этаптагы инвестициялык көлөмү 115 миллион АКШ долларын, долбоордук кубаттуулугу — жылына 80 миңден ашуун автоунааны түзөт.

Мамлекет башчысы биздин өлкөдө ишке ашырылып жаткан мындай чоң долбоор ар тараптан колдоого муктаж экенин белгилеп, бул ишкана “Кыргызстанда чыгарылган, Кыргызстанда өндүрүлгөн” деген брендди түзүүгө башат болуп беришин тилек кылды.

Автоунааларды чыгаруу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананы ишке киргизүү үстүбүздөгү жылдын август айында күтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>