Бишкекте “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аттуу форум өттү

Бишкекте “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аттуу форум өттү

Бүгүн, 28-февралда Бишкекте ИИМдин демилгеси менен “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышында форум өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Форумда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, ал өлкөдөгү коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун сапаттуу камсыздоо үчүн 2021-жылдын 5-майында “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганын, мыйзамдын башкы багыты — коопсуздукту чыңдап, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүп, алардын себептерин өз убагында аныктап, четтетүү экенин билдирди. Укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө мамлекеттик органдардын жана жарандык коом институттарынын аракеттерин координациялоо актуалдуу жана зарыл болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, республика боюнча 3 миңден ашуун видеокамера коомдук жайларга, көчөлөргө орнотулуп, күнү-түнү мониторинг иштери жүрүп, Бишкекте 2023-жылы изи сууй электе 404 кылмыштын бети ачылган, издөөдө жүргөн 600гө жакын адам кармалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>