Президент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилди
Боксчу Абдыжапар уулу лицензиялык мелдештин 1/8 финалына чыкты
08.03.2024 | 09:20
Кыргызстандык боксчу Сыргак Абдыжапар уулу Италиядагы Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык мелдештин 1/8 финалына чыкты. Бул тууралуу спорттук журналист Тахир Гафуров билдирди.
71 кг салмакта таймашкан Сыргак Абдыжапар уулу 1/32 финалдагы биринчи беттешинде сейшелдик мушкерди жеңген. Ал эми 1/16 финалда хорватиялык боксчудан күчтүү чыкты.
Абдыжапар уулунун 1/8 финалдагы беттеши 10-мартта өтөт. Анда ал болгариялык спортчу менен беттешет.