Жалал-Абадда ымыркайын таштанды жайга таштап салган жаш энеге өкүм чыкты

Жалал-Абадда ымыркайын таштанды жайга таштап салган жаш энеге өкүм чыкты

Жалал-Абад шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды таштоочу жайга таштап салган жаш энеге өкүм чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук соттон билдиришти.

Белгилүү болгондой, иш шаардык сотто каралып, өкүм 9-февралда чыккан. Сот айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүү аракети) боюнча күнөөлүү деп таап, 2 жылга абакка кескен. Ошол эле учурда сот ага 1 жылдык пробация белгилеп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошоткон.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 18-ноябрда Жалал-Абаддын Спутник кичи районундагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылган. Аны жергиликтүү тургун таап алып, милицияга кабарлаган. Милиция кызматкери ымыркайды төрөт үйүнө алып барган. Бала үшүп тоңуп калган (денесинин температурасы — 35 градуска чейин түшүп кеткен), абалы оор болгон. Кыз бою 44 см, салмагы 2300 грамм болуп төрөлгөн.

Баласын таштап кеткен деп шектелип 2005-жылы туулган Т.Э. кармалган.

Жалал-Абадда жаш кыз жаңы төрөлгөн ымыркайын таштандыга таштап салган

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>