Түркиядагы мелдеш: Финалда Акматалиев атаандашын тушеге басып, алтын утту (видео)

10.03.2024 | 20:35

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде алтын медаль утту.

Акматалиев таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде ал дагы бир кыргызстандык балбан Алибек Осмонов менен кез келип, аны 7:6 эсебинде жеңди. Чейрек финалда тажикстандык спортчу Мустафо Ахмедовду тушеге басып, жеңишке жетти.

Ал эми жарым финалда япониялык балбан Йошиносуке Аояги менен күч сынашып, аны 8:6 эсебинде утту.

Алтын үчүн беттеште Акматалиев монголиялык балбан Тулга Тумур-Очирынды тушеге басып, жеңишке жетти.

Scroll to Top