Түркиядагы мелдеш: Акматалиев соңку 3 секунд калганда жеңишти жулуп кетип, финалга чыкты (видео)

Түркиядагы мелдеш: Акматалиев соңку 3 секунд калганда жеңишти жулуп кетип, финалга чыкты (видео)

Түркияда өтүп жаткан Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинде эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) финалга чыкты.

Акматалиев таймашты 1/8 финалдан баштаган. Биринчи беттешинде ал дагы бир кыргызстандык балбан Алибек Осмонов менен кез келип, аны 7:6 эсебинде жеңди. Чейрек финалда тажикстандык спортчу Мустафо Ахмедовду тушеге басып, жеңишке жетти.

Ал эми жарым финалда Акматалиев япониялык балбан Йошиносуке Аояги менен күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө япониялык балбан 6:1 эсебинде алдыга чыкты. Экинчи бөлүктүн жүрүшүндө Акматалиев эсепти 6:6 кылып теңегенге жетишти. Бирок артыкчылык упайы япониялык балбанда болуп турду.

Акматалиев упай алууга утуру аракет көрүп, акыркы 3 секунд калганда кошумча 2 упай алып, атаандашынан жеңишти жулуп кетти. Беттеш 8:6 эсебинде жыйынтыкталды

Акматалиев алтын үчүн беттеште монголиялык балбан Тулга Тумур-Очирын менен күрөшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>