Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Түркиядагы мелдеш: Акматалиев атаандашын тушеге басып, жарым финалга чыкты
10.03.2024 | 18:23
Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) Түркиядагы Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдешинин жарым финалына чыкты.
Акматалиев таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде дагы бир кыргызстандык спортчу Алибек Осмонов менен күрөштү. Кармаш 7:6 эсебинде аяктап, Акматалиев жеңүүчү болду.
Чейрек финалдагы кийинки беттештинде ал тажикстандык спортчу Мустафо Ахмедов менен күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө атаандашы 2 упай алып, алдыга чыкты.
Экинчи бөлүктө тажикстандык балбандын пассивдүү күрөшү Акматалиевге 1 упай берилди. Андан кийин Акматалиев 2 упайлык ыкма жасап, аны менен бирге атаандашынын далысын килемге басып таза жеңишке жетти.