Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган Бектур Асановго чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди
19.03.2024 | 10:48
Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы Бектур Асановдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу соттон билдиришти.
Ага чет өлкөгө чыгып, 19-апрелге чейин дарыланып келүүгө уруксат берилди.
Бектур Асановга Стамбулда операция жасалат.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 23-октябрында кармалган 25 адамдын (Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн) 11и камакта, калганын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
Алар Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси менен «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» айыпталып, иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом