Ниязбеков: Нооруз учурунда массалык мушташтарга, резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин

Ниязбеков: Нооруз учурунда массалык мушташтарга, резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин

Ноорузду белгилөө учурунда массалык мушташтарга, эл арасында резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков майрам алдындагы онлайн кеңешмеде  билдирди.

Ниязбеков Ноорузга карата милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй турганын белгиледи.

«Эң башкысы, коомдук тартипти натыйжалуу камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди так аткарыңыздар. Бир дагы аймакта массалык мушташтарга, коомдук эрежелерди бузууларга, өз-ара чатакташууларга, бейбаштыктарга жана эл арасында резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин.

Жаш өспүрүмдөрдүн дайынсыз жоголуусу, өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштардын орун алуусуна бөгөт коюу жумуштары күчөтүлсүн. «Милиция өз милдетин аткарган жок» деген сын-пикирлер айтылышына жол бербөө керек. Өздүк курамдын сырткы формалык келбети ирээтке келтирилсин. Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер баардык жарандарга сылык мамиле жасап, тартипти жана мыйзамды бузбай, жүктөлгөн милдеттерди так аткарышсын. Жер-жердеги бардык жетекчилер жогоруда аталган массалык-маданий иш-чаралар учурунда күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын», — деди ал.

Ниязбеков кайсы бир аймакта кемчиликтер катталып, кызматкерлер арасында мыйзам бузуулар болсо, анда ошол жердеги жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн эскертти.

«Майрам учурунда коомдук тартиптити камсыз кылууга багытталган ИИМ тарабынан жиберилген көрсөтмөлөр кынтыксыз аткарылып, баардык коопсуздук иш чаралар жогорку денгээлде өткөрүлсүн жана биринчи жетекчилерге толугу менен жоопкерчилик жүктөлөт», — деди ИИМ башчысы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>