МСК бизнестин камераларын көзөмөлдөөнү көздөйт. Бул канчалык мыйзамдуу – юристтин пикириБишкекте 70 кг жакын синтетикалык баңгизат жасоочу чийки зат менен шектүү кармалдыСадыр Жапаров Астанада Регионалдык экологиялык саммитке катышатЭрназар Акматалиев Азия чемпионатынан кийин UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты22-апрель: Айрым аймактарга жаан жаайтӨч алуу үчүн бильярд клубун өрттөшкөн. Кара-Сууда эки кыз кармалды
Крокус Сити Холлдо иштеген кыргыз кыздар дагы эле табыла элек
26.03.2024 | 12:14
Москвада Крокус Сити Холлдо иштеген кыргызстандыктар 20 жаштагы Гүлжигит кызы Маиза жана 24 жаштагы Жусупова Эдита дагы эле табыла элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен ырасташты.
Алардын айтымында, издөө иштери уланууда.
“Жакындарынын маалыматында, кыздар ошол күнү жумушта болушкан. Азыр өлүккана, оорукана – баарын карап жатабыз”, – дейт элчилик.
Эскерте кетсек, 22-мартта «Крокус Сити Холл» концерттик залында куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 137ге жетти. Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгондордун аты-жөнүн тактоону улантып, учурда 95 адамдын өздүгү аныкталды.
Жабыркагандардын саны 188ге жетти. Теракт болгон жерде урандыларды тазалоо иштери дагы эле жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар