Мурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталдыСадыр Жапаров президенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду
Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды
26.03.2024 | 12:48
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2023-жылы 15-декабрда милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 5-ноябрда Т.К. аттуу жаран карызга 20 миң доллар акча берем деп, батирин күрөөгө алган. Ошол эле учурда батирди сатуу-сатып алуу келишимин түзүп, күрөөгө коюлган батирди кайтарып берүүдөн баш тарткан. Ошентип батирге ээлик кылып алган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция шектүү катары 21-мартта 28 жаштагы Т.К. аттуу жаранды кармады. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганча 4-апрелге чейин камакка алынган.
Иликтөө иштери уланууда.