Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Осмонов, Жолдошбеков, Жумашбек уулу Азия чемпионатына катышат
27.03.2024 | 15:57
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык 10 балбан Бишкекте өтө турган Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 11-16-апрелде болуп өтөт.
- Алмаз Сманбеков – 57 кг
- Тайырбек Жумашбек уулу – 61 кг
- Улукбек Жолдошбеков – 65 кг
- Алибек Осмонов – 70 кг
- Канат Керимбеков – 74 кг
- Адилет Маратбаев – 79 кг
- Атай Изабеков – 86 кг
- Нуртилек Карыпбаев – 92 кг
- Андрей Аронов – 97 кг
- Айаал Лазарев – 125 кг
Эскерте кетсек, аталган спортчулардын арасынан Нуртилек Карыпбаев, Андрей Аронов жана Айаал Лазарев 19-21-апрелде Бишкекте өтө турган Азиялык лицензиялык мелдешке катышат. Бул мелдеште спортчулар Олимпиадага жолдомо алуу үчүн күч сынашат.
Ошондой эле эркин күрөштөн лицензиялык турнирге Эрназар Акматалиев, Бекзат Алмаз уулу жана Орозобек Токтомамбетов катышат.
Олимпиаданын лицензиясы үчүн кайсы грек-рим балбандары күрөшөрү айтылды