УКМК Турсунтай Салимовдун өзүн бошоткондон кийин уулун кармады

УКМК Турсунтай Салимовдун өзүн бошоткондон кийин уулун кармады

«Мадина» базарынын ээси  Турсунтай Салимовдун уулу Ильзат Салимов кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо) боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМКнын маалыматында, Ильзат Салимов кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун акчасын кыймылсыз мүлккө салган.

Аны менен бирге «Мадина» базарынын коопсуздук кызматынын жетекчиси К.С. дагы кармалды. Ал дагы Көлбаев менен байланышка шектелүүдө.

«К.С. мурдагы бажы Райымбек Матраимов менен байланышкан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында Көлбаевдин квотасы менен парламентке аттанган», — дейт коопсуздук кызматы.

Белгилей кетсек, 7-октябрда кармалган Турсунтай Салимов 2 күн мурда эч жакка кетпөө тил каты менен 2 күн мурда бошотулган. Анын мамлекеттик чыгым катары 15 миллион доллар төлөгөнү маалымдалган. Ал кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин кудасы экендиги айтылып келет.

 

2023-жылдын ноябрь айында Салимовдун дагы бир уулу Ильшатка издөө жарыяланган.

УКМК Ильшат Салимовго издөө жарыялап, мүлкүн тизмектеди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>