Токаевдин планшетине жооптуу кызматкер бар. Жапаровдун планшетин ким карайт?

Токаевдин планшетине жооптуу кызматкер бар. Жапаровдун планшетин ким карайт?

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин планшети үчүн жооптуу кызматкер бар. Бул тууралуу 24kz телеканалына өлкө башчысынын протокол кызматынын өкүлү Ален Жумагазиев билдирди.

Анын айтымында, Токаев Apple планшетин колдонору, ага сөзүнүн текстти жана тезистери жүктөлөт. Администрацияда президенттин гаджетин көзөмөлгө алып, анын кубаттуулугун жана режимдерин карап турган жооптуу кызматкер бар.

Кыргызстандын жетекчисинин маалымат катчысы Аскат Алагөзөвдүн билдирүүсүндө, Садыр Жапаровдун планшети анын жеке буюму болгондуктан, өзү гана карайт.

“Президент Садыр Жапаров узак убакыттан бери эле планшетти пайдаланып келет. Аны кагаз, блокнот катары да колдонорун айткан жайы бар. Мындан сырткары интернет сайттарындагы, соцтармактагы маалыматтарды, ошондой эле стратегиялык обьектилерге түз кошулган онлайн-камераларды да планшетинен карап турат”, — дейт Аскат Алагөзөв.

«Андыктан Садыр Нургожоевич планшетин жеке өзү карайт. Болгону расмий иш-чараларда жардамчылары столуна же сөз сүйлөй турган трибунага алдын ала коюп коюшат (кирип келип коноктор менен учурашканда ыңгайсыздык жаратпаш үчүн)», — дейт Аскат Алагөзөв.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>