Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Катуу шамалдын кесепети: 10 адам, 80 турак үй, 70 соцобъект жабыркады
29.03.2024 | 09:54
Бишкек шаары, Чүй жана Талас облусу боюнча кечээги шамалда 10 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ордо калаада 14 жашар балага темир чатыр кулап түшкөнү маалым. Ал ооруканага жеткирилген.
70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектке зыянын тийгизген. Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон.
Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.
ӨКМдин маалыматында, шамалдын ылдамдыгы 26 метрге секундга жеткен. Чүй менен Бишкекте өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом