«Манас» эл аралык аэропортунда төртүнчү телетрап орнотулдуДССУ акыркы 10 жылда биринчи жолу каннабисти колдонуунун кесепеттери тууралуу маалыматтарды жаңылады«Сөөктөр сүйлөйт»: Өмүрбек Текебаев көчмөндөр цивилизациясынын келип чыгышы тууралууАйыл чарба: Кыргызстанда 202 машина-трактор станциясы иштеп жатат11 жалган фирма жана жасалма документтер: «Ак-Тилек» аркылуу көмүскө импорттун ири схемасы ачыкталдыДээрлик 120 млн сомдук контрабанда жана кесилген тикенектүү зымдар: Чек ара кызматы мыйзам бузуулар боюнча отчет берди
Катуу шамалдын кесепети: 10 адам, 80 турак үй, 70 соцобъект жабыркады
29.03.2024 | 09:54
Бишкек шаары, Чүй жана Талас облусу боюнча кечээги шамалда 10 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ордо калаада 14 жашар балага темир чатыр кулап түшкөнү маалым. Ал ооруканага жеткирилген.
70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш, негизинен шамал жүргөн аймактарда жалпысынан 154 объектке зыянын тийгизген. Бишкек шаары боюнча 66 объект жабыркаса, анын 26сы социалдык мекеме, 36сы турак үй, 4ү чарбалык курулуш болгон.
Ал эми Чүй облусунда 42 социалдык объект жана 42 турак үй, жалпысынан 84 объекттин чатырын учурган.
ӨКМдин маалыматында, шамалдын ылдамдыгы 26 метрге секундга жеткен. Чүй менен Бишкекте өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом