«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Кыргызстандык парадзюдочулар Түркиядагы мелдешке катышат
29.03.2024 | 09:18
Кыргызстандык парадзюдочулар Түркиянын Анталия шаарында өтө турган “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш бүгүн, 29-март күнү башталып, 2-апрелде жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан 4 спортчу барат.
Курама команданын тизмеси:
– Фердауза Убакирова – 48 кг;
– Темирдан Абдикеримов, Алихан Жумагулов – 60 кг;
– Маматибрагим Суранов – 73 кг;
– Байбол Саламат уулу коштоочу – машыктыруучу;
– Айзада Жээналиева коштоочу -машыктыруучу.
Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Канатбек Имяновдун жетекчилиги алдында катышат.