Абдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярданууда
Республикалык олимпиадада Бишкектин окуучулары эң көп алдынкы орунду ээлешти
29.03.2024 | 18:00
Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында алдынкы орунду ээлеген 52 окуучу сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Жеңүүчүлөргө сертификат жана белектер ыйгарылды.
26-27-март күндөрү Бишкек шаарында өткөн олимпиаданын республикалык этабында 323 окуучу 12 предмет боюнча ат салышты.
Жыйынтыгында:
Бишкек шаары – 18 алдыңкы орун;
Ош шаары – 8 алдыңкы орун;
Нарын облусу – 6 алдыңкы орун;
Жалал-Абад облусу – 5 алдыңкы орун;
Чуй облусу – 4 алдыңкы орун;
Ысык-Көл облусу – 4 алдыңкы орун;
Баткен облусу – 4 алдыңкы орун;
Ош облусу – 2 алдыңкы орун;
Талас облусу – 1 алдыңкы орунга ээ болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим