«Бети-көзү көгала». Жалал-Абадда спецназ сабаган бала ооруканада жатат

«Бети-көзү көгала». Жалал-Абадда спецназ сабаган бала ооруканада жатат

Жалал-Абадда атасын милициянын атайын багыттагы кызматкерлери (спецназ) күч колдонуп кармап жатканда, ага болушам деп сабалган бала ооруканада жатат.

Reporter.kg’ге баланын тууганы Айгүл Нуркамилова билдиргендей, сабалган бала 2006-жылы декабрда туулган. Учурда 17 жашта, 18ге толо элек. Ал спецназдан таяк жегенден кийин кусуп, «башым ооруп жатат» дегендиктен ооруканага жаткырылган.

«Азыр беттери көгала, көзү көк болуп турат. Учурда анализдерин тапшырып жатат. Биринчи Кочкор-Атадагы мамлекеттик ооруканага жаткырганбыз. Бир күн ошол жакта болду. Ал жактан рентгенге түшүрүп, «бети-башы көгала эле болбосо, жакшы эле экен, мээси чайкалган эмес» деп ооруканадан чыгарып койду. Биздин «бетинде көгаласы бар» деп жатасыздар го, ооруканада калсын дегенибизге карабады. «Экспертизадан өткөрүп алгыла» деп койду. Андан кийин жеке менчик ооруканага жаткырдык. Көзүнүн көрүүсүн (зрение) текшериш керек экен», — деди ал.

Сабалган бала Кочкор-Атадага базарда атасына жардам берип иштеп жүргөн. Атасы базарда соода кылып, палоо жасап иштеген.

Эскерте кетсек, 27-мартта Кочкор-Атада милиция Санжар Нышанкулов аттуу жаранды күч колдонуп кармаган (милициянын маалыматы боюнча, ал атайын багыттагы кызматкерлердин талаптарына баш ийген эмес). Аны көргөн баласы атасына болушуп милиционерлерди чуркап келип секирип тепкен. Бирок ал кайра милиция тарабынан ур-тепкиге кабылган. Бул окуянын баары видеого түшүп калып, соцтармактарга тарап, резонанс жараткан. Коомчулук милициянын иш-аракетин сынга алган.

Нышанкулов «бейбаштыкка» шектелип жатканы белгилүү. 29-мартта сот аны 2 айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

«Үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу». Кочкор-Атада спецназ күч менен кармаган жаран 2 айга камалды

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>