Борбор Азия жарандары Шереметьево аэропортунан артка кайтарылууда

Борбор Азия жарандары Шереметьево аэропортунан артка кайтарылууда

Бир нече күндөн бери Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары Орусияга кирерде күчөтүлгөн тартипте текшерүүдөн өтүүдө.

Алардын көбүнө аэропорттон чыгууга тыюу салынса, башкалары депортацияланууда. Бул тууралуу ондогон адамдар социалдык тармактарда билдирүүдө.

Күчөтүлгөн чаралар 22-мартта «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон терактка байланыштуу: тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, Тажикстандын төрт жараны көрүүчүлөрдү атып, 140тан ашуун адам өлгөн.

27-мартта Орусиянын Шереметьево аэропортунда кармалып турган 51 кыргызстандык артка кайтарылды.

Орусияга учуп баргандардын арасынан дагы 20 чакты киши 28-мартта кайра өлкөгө жөнөтүлөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, кыргызстандыктар Бишкекке сапар тарткан авиакаттамдардагы бош орундар менен жөнөтүлүп жатат.

“Орусияда жүргөндө кандайдыр бир мыйзам бузгандар, Сахарового барып медициналык кароодон өтпөгөн жарандарды кайра артка кайтарып атат. Бишкектен Орусияга учуп келген ар бир учактан 10дой кишини артка жөнөтүүдө”, — деди ал.

26-мартта Орусиянын Тергөө комитети “Крокус Сити Холл” борборундагы кол салууга байланышы бар деген негизде сегизинчи шектүүнү да камоону өтүнүп, Москванын Басман райондук соту теги кыргызстандык орус жараны Алишер Касимовду эки айга камакка алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>