Кыргызстанга Lexus GX470 унаасы Литвадан тетиктер катары бөлүк менен алынып келинип, кайра чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
Ал бажыдан тетик катары өтүп, 25-февралда КР жараны «Д.И.Д.» техникалык тейлөө станциясында мыйзамсыз чогулткан.
Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 2 миллион 298 миң 240 сомду түздү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз