Кыргызстан туруктуу отунду өнүктүрүүдө глобалдык демилгелерге кошулатТоктогул шаарында толук жаңыланган борбордук стадиондун расмий ачылышы өттүБир жумада 24 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталдыАйыл чарба министрлиги кунарсыз жерлерди өздөштүрүүнү каалагандарга колдоо көрсөтөтТашиев: Мага бир нече жолу кол салуу болдуЖер жайнаган долларлар. Укук коргоо кызматкерлери 400 миң доллар пара менен кармалды
24.kg агенттигине каршы козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду
03.04.2024 | 09:52
УКМК 24.kg агенттигине согушту үгүттөө айыбы менен козголгон кылмыш ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу аталган медиадан билдиришти.
Редакциясынын кеңсеси ачылып, журналисттерге жеке телефондору кайтарылды.
Маалымат агенттигинин компьютерлери менен алынган финансалык документтери дагы медиага берилди.
Эскерте кетсек, 15-январда УКМК кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине тинтүү жүргүзүп, жаап кеткен. Агенттикке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 407- беренеси менен иш козголгон.
18-мартта 24.kg ээси алмашып, ал жаңы негиздөөчүсү журналист Алмаз Турдумамбетов болбогону маалым болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом